Алмазбек Атамбаевге Кыргызстандын тарыхый үч эстелиги ЮНЕСКОнун тизмесине киргизилгени боюнча чечимдин көчүрмөсү тапшырылды

Бүгүн, 26-июнда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын тарыхый үч эстелигинин ЮНЕСКОнун маданий мурастарынын тизмесине киргизилишине байланыштуу ЮНЕСКО иштери боюнча  улуттук комиссиянын мүчөлөрүн кабыл алды. 

Президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев жетектеген ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиянын Кыргызстандын тарыхый-маданий мурастарын эл аралык деңгээлде таанытуу боюнча аткарган эмгегине өлкө башчы канааттанганын билдирди. “Байыркы доордо Чүй өрөөнүндө жайгашкан Невакет, Суяб жана Баласагын шаарлары дүйнөлүк маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтер катары таанылганы – Кыргызстан үчүн чоң сыймык. Өз учурунда Улуу Жибек Жолунун боюнда жайгашкан шаарлар, ошол заманда эң өнүккөн региондун саясий жана маданий турмушунда олуттуу мааниге ээ болгон”,- деди президент. 

Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын тарыхый-маданий мурастарын сактоо жана изилдөө боюнча иштерди уланта берүүнүн маанисин белгиледи. “Эгерде биз өз тарыхыбызды изилдебесек, биз үчүн башкалар жасашы ыктымал”,- деди ал. 

Жолугушуунун жүрүшүндө Дохада ЮНЕСКонун Бүткүл дүйнөлүк мурастар комитетинин 38-сессиясында Кыргызстандын делегациясын жетектеген Улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Карганбек Самаков  “Жибек Жолу: Тянь-Шань коридорунун маршруттарынын тармагы жана башталыш тилкеси” трансулуттук сериялык номинациянын алкагында Кыргызстандын тарыхый үч эстелиги ЮНЕСКОнун маданий мурастарынын тизмесине киргизилгендиги тууралуу ЮНЕСКОнун комитетинин чечиминин көчүрмөсүн тапшырды. 

Жолугушуунун соңунда Алмазбек Атамбаев өкмөткө Кыргызстандын эстеликтерин жана тарыхый жерлерин сактоо боюнча тиешелүү чараларды көрүүгө милдеттендирди. Бүткүл дүйнөлүк маданий мурас болгон объектилерин коргоо жана пайдалануу маселелерине өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи. “Сулайман тоо, Невакет, Суяб, Баласагын жана башка тарыхый жерлерибизге  туристтер, окумуштуулар, байыркы тарых  менен маданиятты кадырлагандар байма-бай каттагыдай кылуу колубуздан келет”,- дейт Атамбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан