"Ислам" өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 45 миллион доллар бөлөт

25-июнда Сауд Арабиянын Жидда шаарында биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев "Ислам" өнүктүрүү банкынын башкаруучуларынын жыл сайын өтүүчү жыйынынын алкагында аталган банктын президенти Ахмад Мухаммад Али менен жолугушту.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар жакынкы мезгилдеги Кыргызстан жана ИӨБ аралык кызматташуусунун негизги маселелерин, учурдагы долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн, энергетика, транспорттук инфраструктура жана айыл чарба тармагындагы жаңы долбоорлорду талкуулады.

Ислам каржылоо принциптерин киргизүү боюнча иш жигердүү жүрө баштады. Үстүбүздөгү жылдын апрель айында исламдык камсыздандыруу жана ислам баалуу кагаздарын киргизүү жана өнүктүрүү жаатында нормативдик-укуктук актылар долбоорун иштеп чыгуу тууралуу келишимге кол коюлду. Өкмөт ислам каржылоо принцибин кеңейтүүгө ниеттенүүдө, өз кезегинде ал өлкө экономикасына ири инвестицияларды тартууга жана финансылык рынокту жана банктык секторду өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет. Үстүбүздөгү жылдын күз айларында Араб координациялык тобунун алкагында инвестициялык жыйын жана тегерек стол өткөрүүгө камдануудабыз”,- деди Сарпашев.

Жолугушуу соңунда тараптар кыргыз өкмөтү жана "Ислам" өнүктүрүү банкы аралык төмөнкү

келишимдерге кол коюшту: 

Ош-Баткен-Исфана автоунаа жолун 21 миллион 320 миң доллар суммасына реконструкциялоо, Баткен облусундагы Лейлек районунун Аркинск массивин 16 миллион 250 миң доллар суммасына электр менен камсыздоону жакшыртуу, 9 миллион долларга айылдарды туруктуу өнүктүрүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан