Бүгүн, 26-июнда Бишкектеги Улуттук госпиталга кулагы укпагандарды текшерүү үчүн жаңы жабдуулар берилди. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев SUPER.KG порталына билдирди. Айтымында, эми кулагы начар уккандарды текшерүү акысыз болот.
“Буга чейин мага кулагы начар уккандар кайрылышкан эле. Мен "ГазпромнефтьаэроКыргызстан" жана "Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы" коомдук бирикмесине кайрылып, жабдуу алдырып бердим. Буга чейин бизде мындай аппараттар болгону менен, акча төлөп текшерилишчү. Мындан ары кулагын текшертем дегендер акысыз кызмат алышат”,- деди депутат.