«Мекен ынтымагы» саясий партиясынын төрагасы Темирбек Асанбеков партиялаштар менен биргеликте Ысык-Көл облусун кыдырып чыкты. Анда Ак-Суу, Түп, Тоң, Жети-Өгүз райондорунда жана Каракол шаарында партиянын баштапкы уюмдары ачылды. Бул тууралуу 26-июнда аталган партиядан маалымдашты.
"Акыркы кезде Кыргыз Республикасында саясий партиялар боюнча түшүнүк тийиштүү деңгээлде кабыл алынбай келет. Тагыраак айтканда, бир саясий партияны акчалуу кишилер гана түптөп, ал эми ал партияга өткөндөр партия сунуштаган идеологияга эмес, материалдык кызыкчылыктын негизинде гана кызматташышууда. Бул көрүнүш элибизди жана Кыргыз Республикасын ансыз деле туңгуюкка кептелткен көмүскө экономиканын уланышына шарт түзүүдө. Утурумдук акчага алданган жарандарыбыз өздөрү билип-билбей туруп бул көрүнүштүн уланышына шарт түзүшүүдө",- деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле билдирүүдө Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаал жөнүндө айтылып, анда "Мындан ары да ушундай тартипте улана бербеши керек. Каалаган жана кайдыгер болбогон жаңы партиялаштарыбыз калыптанып калган «акча бергиле, партиянын баштапкы уюмун ачабыз» деген ойго тескерисинче «бул өлкө биздин дагы өлкөбүз, биздин аракетибиз натыйжалуу болуп, туура адамдарды бийликке алып келсек, өлкөбүз да көтөрүлөт» деген принципте, мыйзамдарга ылайык айлык төлөмдөрүн кошуп, өз күчтөрү менен баштапкы партиялык уюмдарды ачууну улантышууда.
Маалыматтык чаржайыттык күч алган учурда элди бириктирүүнүн канчалык кыйынга турганын мыкты билген коом менен иштешкен жарандарыбыз бир гана коррупцияга аралашпагандык, акыйкат жана эл менен жасалмасыз ачык сүйлөшүү аркылуу гана элдин ишенимине жетүүгө мүмкүн экендигин дагы бир ирет моюндарына алышууда.
Атайын коомдун аң-сезимине сокку урулган бул күндөрдө мындай жакшы көрүнүштөр, албетте, эртеңкиден үмүтүбүздү үзбөшүбүз керектиги тууралуу бекем ишеним берет" деп баса белгиленет.