«Мекен ынтымагы»: Саясий партия - мамлекетти башкаруу системин коррупциялаштырбаган, реформатор кадрларды бийликке алып келүүчү инструмент

"Мекен ынтымагы" саясий партиясына акыркы учурда «Өлкөбүз ушинтип тура береби? Качан оңолобуз? Тышкы карыздардан кантип кутулабыз? Элибиздин эртеңи эмне болот? Компетенттүү адамдар качан бийликке келет?» жана башка ушул сыяктуу суроолор менен кайрылган жарандарыбыздын саны артууда.

Баары менен сүйлөшүп чыгуу мүмкүн болбогонуна байланыштуу бул суроолорго ММК аркылуу жооп берүүнү туура деп таптык". Бул тууралуу 27-июнда аталган партиядан билдиришти.
Маалыматта заман, аны менен бирге коомдун дагы аң-сезими тездик менен өзгөрүп жатканы баса белгиленип: "Мурда акчанын күчү жана мамлекеттик ресурс менен каалагандай бийликте калуу мүмкүн болуп келген болсо, азыркы учурда ал ыкма күндөн-күнгө нааразычылыктарды жаратып, бул түшүнүк жарга келип такалды десек жаңылышпайбыз.
Баарынан мурда саясий партия деген эмне экенин жакшы түшүнүшүбүз абзел. Саясий партия - мамлекетти башкаруу системине коррупцияны аралаштырбаган, илим-билими бар, мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртө алган, менеджменттин бардык түрү боюнча түшүнүгү бар, жаңы жана таза, реформатор жана мекенчил кадрларды бийликке алып келүүчү бир инструмент.
Бул мыкты кадрлар аркылуу мамлекет өнүгөт, элге адилеттүү жана сапаттуу кызмат бериле баштайт. Булардын бийликке келиши үчүн жападан-жалгыз бир гана мыйзамдуу жол бар. Ал - шайлоодо элдин ишенимине бурмалоосуз жетишип, мамлекетти башкарууга ыйгарым укукту алуу",- деп айтылат.
«Мекен ынтымагы» саясий партиясынын борбордук аппаратынан "Шайлоонун адилеттүү өтүшү үчүн коомубуз жапа тырмак шайлоого барышы абзел. Кимге гана добуш бербесин, макул, «баарына каршы» деген добушун берсин, натыйжада жарандык милдетин толук аткаруусу керек" деп билдиришти.
Анда алдын ала жарандар өзүн шайлоочулардын тизмесинде бар же жок экенин тактап чыгышы керектиги, катардагы жарандарыбыз кайдыгерлик көрсөтпөй шайлоого активдүү катышса, алардын добуштарын башкалар өз кызыкчылыктарына колдонуп кете албастыгы да баса белгиленген.
"Шайлоо учурунда «жумуштар чыкты», «кол бошобой калды» сыяктуу себептер менен кайдыгерлик көрсөтө турган болсок, анда учурдагы башкаруу системине ыраазы болуп жашаганга милдеттүүбүз.
Биз кааласак, өзгөрүү болот. Биз каалабасак, эч ким келип өлкөбүздү өнүктүрүп бербейт. Шайлоону жазгы айдап-себүү мезгилиндеги урук себилүүчү бир күн десек жаңылышпайбыз. Жазда мээнет кылып урук сепсек, натыйжасын алабыз. Урук сеппесек, бүгүнкү нааразы болгон системдин уланышына макулдук берген болобуз, кайдыгерлик сепкен болобуз жана мунун натыйжасында кайдыгерликке туш болобуз.
Элибиз бийликтин булагы эл экенин дагы бир ирет эстеп, өзүнө жаккан, купулуна толгон жана аманатка так болгон жарандарын тандап, аларга ыйгарым укукту берип, аларды көзөмөлдөй билүүсү керек",- деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан