"Жашылдандыруу" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери аталган мекеменин башчысынын орун басары Вероника Тихонованын кызматынан кетишин талап кылышууда. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда ага каршы нааразычылык акциясын уюштурган кызматкерлер билдиришти.
Алардын билдирүүсүнө караганда, Вероника Тихонова менен иштеше алышпагандыктан анын кетүүсүн талап кылышууда.
“Вероника Тихонова бул кызмат ордунун талабына жооп бербейт. Анткени анын жогорку билими жок. Ал кызматынан кыянаттык менен пайдаланат. Башчынын буйругу жок эле кызматкерлерди иштен ала берет. Анын адам укугун тебелеген учурлары болду. Жумушка келген адамды "жумушка келген жок" деп жазып салат. Ошондуктан аны менен иштеше албагандыгыбызга байланыштуу 100гө чукул кызматкер шаардык мэрияга, прокуратурага арыз жазып кайрылганбыз. Тилекке каршы, жооп келбей жатат. Анын үй-бүлөсүнөн 3 адам бул ишканада иштейт: өзү орун басар болсо, күйөөсү анын айдоочусу, баласы - агроном. Вероника Тихонова биз менен сүйлөшө элек. Биз менен жолуккусу келбегендиктенби, айтор, ал учурда ден соолугуна байланыштуу өргүүдө экен”,- деп белгилешет "Жашылдандыруу" ишканасынын кызматкерлери.