Камила Талиевага Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруудагы шалаакылыгы үчүн сөгүш жарыяланышы мүмкүн

Ушул аптада өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевге маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиеванын жоопкерчилигин кароо сунушу киргизилди. Муну "Азаттык" 26-июнда жарыялады. Өздүк булак "Мындай сунуш Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жетекчисинин ишиндеги бир катар кемчиликтерине жана Туризм фестивалын өткөрүүгө даярдыктын жетишсиздигине байланыштуу" деп билдирет. 
Маалыматка таянсак, аталган министрлик бир катар мааракелик иш-чараларды өткөрүү боюнча тапшырмаларды көп жолу аткарбай койгон, театр, музей жана башкаларга байланышкан маданият маселелерин чечкен эмес. Талиева Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сыяктуу бир катар маанилүү иш-чараларды уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган. Ал жетектеген министрлик аталган оюнду уюштуруу жана өткөрүү жоопкерчилигин моюнга алган. Бирок министр уюштуруу комитетинин бир дагы отурумуна катышкан эмес. 
Булак билдиргендей, министрдин мындай мамилеси Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары фестивалын үзгүлтүккө учуратуу коркунучун жаратат. Бул нерсе эл аралык масштабда жагымсыз саясий кырдаал түзүшү мүмкүн. Тарыхый оюндарды биринчи өткөрүү укугун алган кыргыз тарап менен фестивалга катышчу өлкөлөрдүн ортосундагы талаш да эске алынат. 
Аталган фестивалдын башталышына өтө аз убакыт калганына карабай Талиева жетектеген министрлик фестивалдын бюджетинин акыркы вариантын беките электиги айтылды.

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Монголия, Орусия жана Кыргызстан мамлекеттеринин командалары катышары күтүлүүдө. Кыргызстан мелдешти уюштуруп, өз үйүндө кабыл алып жатканына байланыштуу ар бир спорт түрүнөн экиден команда катыштырууга укугу бар. Иш-чара ушул жылдын 8-14-сентябрь күндөрү Чолпон-Ата шаарында өтөт. 

Көптөгөн өлкөлөргө теле аркылуу алынып берилери күтүлүп жаткан бул оюндардын программасына көк бөрү, тогуз коргоол, кыргыз күрөшү, алыш, оодарыш, ат чабыш, жорго салыш, кунан чабыш, ордо, кыз куумай сыяктуу оюндар киргизилген.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан