Кыргызстанда күйүүчү май кайрадан кымбаттады

Кыргызстандын түндүк облустарында Аи-80 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын баасы литрине 0,3 сомго кымбаттады. Бензиндин калган үлгүлөрү жана дизель отуну литрине 0,2 сомго жогорулады. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда КРнын Нефтетрейдерлер ассоциациясы маалымдады.

Өлкөнүн түштүгүндө Аи-80 үлгүсүндөгү бензиндин баасы литрине 0,7 сомго, Аи-92 жана Аи-95 үлгүлөрүнүн баасы 0,4 сомго, ал эми дизель отунунун баасы 0,5 сомго көтөрүлдү.

Күйүүчү-майлоочу материалдарга карата баанын өсүшүн КРнын Нефтетрейдерлер ассоциациясы Орусиянын мунай заводдорунун сатуу баасынын жана акциз салыгынын кымбатташы менен түшүндүрдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан