Жогорку Кеңештин 26-июндагы жыйынында мамлекеттик сыйлыктардын статусун көтөрүүгө багытталган "КРнын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" мыйзам долбоору каралды. Мыйзамдын демилгечилери: депутаттар Ирина Карамушкина, Өмүрбек Текебаев, Мыктыбек Абдылдаев жана башкалар.
Карамушкинанын айтымында, сыйлыктардын тизмеси кыскартылмакчы. "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген куруучусу" сыяктуу тармактык наамдарды жоюп, "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген ишмери" деген гана бир наамды белгилөө сунушталып жатат. Ал эми "КРнын Эл жазуучусу", "КРнын Эл акыны", "КРнын Эл артисти", "КРнын Эл сүрөтчүсү" деген наамдар калтырылат.
Андан сырткары жаңы долбоордо чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактарды да мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого мүмкүнчүлүк берилүүдө. "Советтер Союзунун Баатыры" жана "Социалисттик Эмгектин Баатыры" наамдары "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамынын статусуна теңдештирилет.
Мыйзам долбоорунун концепциясы биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.