Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске толуктоо кирди

Президент Алмазбек Атамбаев “КРнын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. 2014-жылдын 11-июнунда парламент тарабынан кабыл алынган мыйзамдын максаты - коомдук иштерге тартуу түрүндөгү администрациялык жоопкерчиликти колдонуу жана аткаруу механизмдерин өркүндөтүү.

Толуктоолорго ылайык:

- коомдук иштерге тартуу жоопкерчилиги каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер жасалган жеринде же администрациялык жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын жашаган жеринде каралат;

- коомдук иштерге тартуу жөнүндө токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө ички иштер органдары тарабынан ишке ашырылат, ал эми укук бузуучуларды коомдук иштерге тартууну уюштуруу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлөт;

- коомдук иштердин мөөнөтү коомдук иштерге тартуу жөнүндө токтом жарыяланган күндөн тартып эки айдан кечиктирилбестен укук бузуучу тарабынан аткарылууга тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан