Баткенде айылдык милициянын имараты колдонууга берилди

Баткен районунун Ак-Сай айыл округунун Таш-Тумшук айылында айылдык милициянын имараты капиталдык оңдоо иштеринен өткөрүлүп, колдонууга берилди. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Иш-чарага КРнын Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов, Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков, Американын Кыргызстандагы элчилигинин укук коргоо маселелери боюнча кеңешчиси Марк Переси, БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча программалык кеңселик башкармалыгынын эл аралык менеджери Вера Ткаченко, Баткен ОИИБинин башчысы Анарбай Алимбеков жана башкалар катышышты.

“Бул реформанын жер-жерлердеги алгачкы кадамдарынан деп айтсам жаңылышпайм. Анткени чек арадагы чыр-чатактардын алдын алуу жана социалдык-экономикалык көйгөйлөрдүн чечилбегенинен улам милиция кызматкерлери арыз-даттанууларды өз убагында мыйзам чегинде так чечип берүүсү үчүн ачылды”,- деп билдирди Курсан Асанов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан