Ош шаарына Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин 21 студенти практикадан өтүү үчүн келишти. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда "Сулайман-Тоо" тарыхый, археологиялык музей-комплексинин жетекчиси Абдраим Тургунбаев билдирди.
Анын айтымында, студенттер 5 күн Ош шаарында болушуп, «Кыргыз реставрация» илимий-изилдөө институтунун жетекчилиги менен орто кылымдагы мончонун айланасында тазалоо иштерин жасашты. Ал мончо X-XII кылымдарга таандык. Болочок архитекторлор бул археологиялык эстеликти изилдешүүдө.
Алардын жетекчиси Жумамедил Иманкулов эстеликтердин жана тарыхый-маданий мурастын баалуулугун айтып берди.