Жалал-Абадда Улуу Ата Мекендик согуштагы ооруктун ардагери 100гө чыкты

Жалал-Абаддын Сузак районундагы Ленин айыл аймагына караштуу Жыгач-Коргон айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштагы ооруктун ардагери, 100гө толгон Баатыр эне Авакан Ногоева өзүнүн кылым мааракесин айылдаштарына той өткөрүү менен белгиледи. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Анда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жусупжан Жээнбеков куттуктап, Авакан Ногоеванын башына ак элечек, өз жанынан акчалай жардам берди.

Ошондой эле Сузак районунун акиминин биринчи орун басары Төрөгелди Түркбаев, Ленин айыл аймагынын башчысы Чолпонбек Мырзаканов, аталган айыл аймактын аксакалдар кеңешинин төрагасы Эралы Мавлянов, айылдык кеңештин төрагасы Бакыт Токтосунов өздөрүнүн каалоо-тилектерин айтышып, белектерин тапшырышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Altyn198
2014-06-27 11:30:47
өмүрүңүз узун болсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан