Бүгүн, 27-июнда RUSAID`дин “Аялуу калк арасында, өзгөчө мигранттардын арасында жыныстык катнаш аркылуу жугуучу жана вирустук гепатит ооруларынын алдын алуу системин жакшыртуу” долбоорунун алкагында Орусия Федерациясынын Өкмөтүнүн КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигине мобилдүү клиникалык комплексин тапшыруу аземи болуп өттү.
Иш-чарага КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Орусиянын регионалдык “СПИД-маалымат-байланыш” коомдук уюмунун, Кызыл Крест жана Кызыл Ай коомунун өкүлдөрү катышты.
Мобилдүү комплекс болгон бул КамАЗдын чоң фургонунун ичинде лаборатория, ультраүн аппараттары жана кароочу бөлмөлөр жайгашкан. Комплексте жалпы практикалык врач, акушер-гинеколог, дерматовенеролог жана лаборант медайым иштейт. Алар калктын аялуу катмарына акысыз кызмат көрсөтүшөт. Комплекс бир күндө 50гө жакын адамга инструменталдуу жана лабораториялык изилдөөлөрдү өткөрүүгө жана ар кандай консультация берүүгө жөндөмдүү экенин иш-чаранын катышуучулары белгилеп өтүштү.
Кошумчалай кетсек, долбоордун натыйжасында базалык медициналык кызматтарына жеткиликсиз мигранттар жана алардын үй-бүлөлөрү өз убагында инфекциялык оорулардын симптомдору жана алардын алдын алуу жолдору жөнүндө маалымат ала алышат. Мындай иш-аракеттер алардын ден соолукка болгон жоопкерчилигин көбөйтөт жана ооруларды убагында дарылоого чараларды көрүүгө, алдын алууга үндөйт.
Бул мобилдүү клиникалык комплекс Кыргызстандын Чүй, Баткен, Жалал-Абад жана Нарын облустарындагы жарандардын ден соолугуна кам көрөт.