27-июнга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 592 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, суу сактагычка агып кирген суунун агымы секундасына 701 метр кубду түзүүдө. 2013-жылы 27-июнда суу сактагычтагы суунун көлөмү 13 миллиард 358 миллион метр куб болгон.