Ош шаардык мэриясынын буйругу менен "Жылуулук жана энергетика" ишканасы кыш мезгилине даярдык көрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Анда жалпы узундугу 50 метрдей болгон жылуулук түйүнүн алмаштыруу Ленин көчөсүндө жүрүп жатат. Кышка кам көрүү иши график менен жүргүзүлөт жана 2-3 от казандары даярдалды.
Азыркы учурда үчүнчү от казанда иштөөгө даярдык жүрүп жатат.