Турсунбек Акун өзүн дагы да болсо КРнын Акыйкатчысы катары эсептейт. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда маалымат жыйынында өзү билдирди.
“Менин жумуштан алынганыма бүгүн 1 жыл болду. Менин ишимди парламентте карап жатканда кан басымым көтөрүлүп жыгылгам. Ооруканага жатып калганыма карабай жумуштан алып салышкан. Дарыланып чыгып, соттошо баштадым. Алардын баары КРнын Эмгек кодексинин 427-беренесине такап жатышат. Ал беренеде "президент, Жогорку Кеңеш, өкмөт тарабынан шайланган саясий кызматтагы адамдарга сотко кайрылганга болбойт" деген пункттары бар экен. Ушуга байланыштуу бардык соттор менин арызымды четке кагышты. Менин пайдама чечкен жок. Учурда БУУнун Адам укугун коргоо комитетине кайрылып жатам. Буга 3 жыл кетет экен. Муну менен элге кантип өз укугун коргоо үчүн күрөшүш керек экендигин көрсөткүм келет. Эртели-кеч мени моралдык жактан басынтканы үчүн мамлекет компенсация төлөп берет деп ойлойм. Мен өзүмдү Кыргызстандын акыйкатчысымын деп эсептейм. Азыр Жогорку Кеңештин депутаттарынын көз карандысыз Акыйкатчы институтуна кылган мамилесине түп-тамырынан бери каршымын. Бул институтту мойнунан байлап көз каранды, бийликке баш ийген институт кылгандын аракетин көрүп жатышат”,- дейт Турсунбек Акун.