Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө боюнча мыкты көрсөткүчтөргө жетишип, 53 алтын сертификат алуучулардан 15и Бишкектеги №61-мектеп-лицейдин бүтүрүүчүлөрү болуп чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда КРнын Президентинин аппаратынын маалымат-саясат бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2014-жылы аталган тестти тапшырууга 51 631 мектеп бүтүрүүчүсү катталып, тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 53 окуучу мыкты көрсөткүчтөргө жетишти. Алтын сертификат алуучулардын саны боюнча мектептер арасында экинчи орунга №70-гимназия-комплекси чыкты. Бул мектептин 4 бүтүрүүчүсү тестти мыкты тапшырышкан. Үчүнчү орунду "Айчүрөк" Кыргыз-Түрк лицейи, Кыргыз-Орус Славян университетинин астындагы мектеп жана №13-мектеп-лицей бөлүштү. Ушул үч окуу жайдын үчтөн окуучусу алтын сертификаттарга ээ болушту.