Шахида Аманбаева сүйлөп, басып калды

Шахида Аманбаева сүйлөп, басып калды. Бул тууралуу анын апасы Нургүл Аманбаева бүгүн, 27-июнда билдирди.

Айтымында, учурда Шахида Психикалык ден соолукту чыңдоо боюнча республикалык ооруканада дарыланып жатат.

Эске сала кетсек, 2010-жылдын 6-апрель күнү эртең менен Токмок шаарынын 1-кичи районунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Рабига Жумабаеванын жансыз денеси табылган. Бул адам өлтүрүү фактысына шектүү делинип 1988-жылы туулган Урмат Аскеев, 1990-жылы туулган Алишер Жумашев, 1992-жылы туулган Шахида Аманбаева кармалган. Мына ошондон бери айыпталуучулар абакта соттун өкүмүн күтүп келишет. Буга чейин 2013-жылдын 12-декабрында Токмок шаардык соту жогоруда аты аталган айыпталуучуларды актаган. Бирок ал чечимге макул болбогон жабырлануучунун атасы доо арыз менен облустук сотко кайрылган. 29-майда Чүй облустук соту Шахида Аманбаеваны күнөөлүү деп таап, 4 жылга эркинен ажыратты. Бирок абакта 3 жылдан ашуун отургандыктан, ал "жаза мөөнөтү бүткөн" деп сот залынан бошотулган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
beka88
2014-06-27 13:14:08
эми жакшы кундорду откругуло!
+2
sumaia.kg.kg
2014-06-27 14:15:33
дагы да жакшы болуп кет
0
aikol87
2014-06-27 14:30:25
Жакшы болгон турбайбы, ден соолукта жакшы жур эмизбей.
+1
aida2013
2014-06-27 15:40:53
эми мындан кийинки жашоосу жакшы коз ирмемдер менен коштолсун!
+1
Chon-Alai-kg0101
2014-06-27 15:48:51
Мындан аркы жашоосун жалан жакшылыктар коштосун.
+2
boztalaa
2014-06-27 16:34:43
Бул жашоонун сыноосун жене билели урматтуу мусулман бир туугандар. Бул кыздын кудайым денсоолугун берсин!
+1
Yu-piter
2014-06-27 17:13:47
Шахида ден-соолук сага,башыңды бийик көтөр,сен күчтүү жансың .
+2
nabi89
2014-06-27 18:46:14
Омурун узун болсун
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан