Бүгүн, 27-июнда КРнын Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев жана Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиева Бишкектеги карылар үйүндө болушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул жолугушууда улгайган адамдар аларга пикир алышуу үчүн кишилер жок болуп жатканын айтышкан. Өз кезегинде Ыргал Кадыралиева карылар бири-бири менен сүйлөшүп, кеч киргенге чейин убактысын көңүлдүү өткөрүү үчүн күндүзгү борбор ачып берүүнү министрликке сунуштады.
Бул сунушту министр өнөктөштөрдүн жардамы менен чечип берүүгө аракет кыларын билдирди.
Маалымат үчүн айта кетсек, аталган жай 300 кишиге ылайыкташкан болсо, учурда 201 кары адам жашайт. Буга чейин ар бир адамдын тамак-ашына 55 сом бөлүнсө, азыр ал сумма 100 сомду түзөт.
Кошумчалай кетсек, бул жолугушууга өзүлөрүнүн концерттик программасы менен барышкан Султан Каримов, Элмира Кайып кызы өнөрлөрүн тартуулашты.