Баткен районунун Жака-Өрүк аймагында КРнын ИИМинин орун басары Курсан Асанов жана Баткен ОИИБинин башчысы Анарбай Алимбеков Тажикстандын ИИМинин орун басары Искандар Ражапов менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда Курсан Асанов 2014-жылдын 7-майында Баткен районунун Орто-Боз айылынын Көк-Терек айылында орун алган окуялар боюнча шектүү адамдарга мыйзамдуу чараларды көрүү менен кыргыз жарандарына карата келтирилген материалдык чыгымдарды төлөтүп берүү талаптарын койду. Мындан тышкары эки элдин ортосунда ар кандай пикир келишпестиктердин жана улуттар аралык чыр-чатактардын алдын алуу максатында эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.