1-июлда КРнын Билим берүү жана илим министрлиги мектеп формасына жарыялаган сынактын жыйынтыгы белгилүү болот. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, мектеп формасынын эскизин аныктоо 1-11-класстын окуучуларына 2014-жылы мектепке бирдиктүү форма киргизүү демилгеси менен жарыяланган.
Сынакта бардык эмгектерден 9 эскиз өзгөчөлөнгөн. Финалга чыккан эмгектер эл алдына тартууланып, мыкты эмгектер СМС-добуш берүү аркылуу тандалып алынган.