Президент Алмазбек Атамбаев юристтерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент Алмазбек Атамбаев Юристтер күнү менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда КРнын Президентинин аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.

Куттуктоодо мындай деп айтылат: “Урматтуу Кыргызстандын юристтери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Юристтер күнү менен куттуктайм! Юрист болуу - чоң сыймык жана зор жоопкерчилик. Мыйзамдардын аткарылышы, жарандардын укуктарын жана эркиндигин коргоо маселеси, өлкөдөгү саясий жана социалдык туруктуулуктун сакталышы сиздердин кесипкөйлүгүңүздөргө, ишке болгон мамилеңиздерге байланыштуу. Кыргызстандын юристтери өз милдетин абийирдүүлүк менен аткарат, мекендештеринин кызыкчылыктарын коргоп, кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө татыктуу салым кошот деп ишенем. Бардыгыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай жана ийгиликтерди каалайм!”

Белгилей кетсек, Кыргызстанда июнь айынын акыркы жекшембисинде Юристтер күнү белгиленет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан