"Улуттук илимдер академиясы - өлкөдөгү илимий ой жүгүртүүнүн борбору". Муну вице-премьер-министр Эльвира Сариева 27-июнда аталган академиянын жамааты менен жолугушууда билдирди. УИАнын президенти Абдыганы Эркебаев жана академиянын мүчөлөрү менен жолугушууда мекемени өнүктүрүү жолдору талкууланганын өкмөттөн билдиришти.
"Азыркы учурда фундаменталдык изилдөөлөр менен алектенгендердин күчүн бириктирүү зарыл болуп турат. Ошондой эле академиянын окумуштуулары тарабынан жасалган ачылыштарды өлкө экономикасын өнүктүрүү үчүн иш жүзүндө колдонуп көрүү мүмкүнчүлүгүнө да көңүл бурушубуз керек",- деди Сариева.
Жыйынтыгында аталган академия боюнча өкмөттүк аппараттын тармактык бөлүмүнө тийиштүү тапшырмалар берилди.