Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосунда макулдашуу протоколу ратификацияланды

Президент Алмазбек Атамбаев "Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосунда өзгөчө кырдаалдарды жоюуда жардам көрсөтүүдө өз ара аракеттенүү жөнүндө 2005-жылдын 26-октябрындагы макулдашууга карата протоколду ратификациялоо тууралуу" мыйзамына 27-июнда кол койду. Бул тууралуу президенттин аппараты билдирди. Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2014-жылдын 28-майында кабыл алган.

Мыйзамга ылайык, Тышкы иштер министрлигине белгиленген тартипте Кыргыз Республикасы көрсөтүлгөн протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгына кабарлоо милдети тапшырылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан