Өкмөт: Мамлекеттик гербдин 20 жылдыгын өткөрүү маселеси талкууланды

Өкмөттө 27-июнда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гербинин 20 жылдыгына карата өтчү иш-чаралардын планы талкууланды. Алдыда боло турган иш-чараларда мамлекеттик гербди даңктоо, ага аяр мамиле жасоо жагы каралган. Мектептерде викториналар уюштурулуп, тегерек столдор өтөт. Жеңил атлетика жана велоспорт боюнча жарыштар орун алмакчы. "Өлкөбүз эгемендүүлүк алган жылдардан кийин биз, кыргызстандыктар, мамлекеттик символдор - герб жана желек менен сыймыктанууну үйрөндүк. Аларга аяр мамиле жасоону жана урматтоону үйрөндүк. Алдыбызда мамлекеттик гербдин 20 жылдыгын өткөрүү иши турат. Мунун маанилүүлүгүн Кыргызстандын ар бир жараны, мектеп окуучусунан тартып урматтуу аксакалдарга чейин сезиши керек",- деди Сариева. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан