Асылбек Жээнбеков депутат Исмаил Исаковду ниетин түздөп алууга чакырды

Жогорку Кеңештин 30-июндагы кезексиз жыйыны өз ишин баштады. Депутат Исмаил Исаков кезексиз жыйын президенттин жана депутаттардын көпчүлүгүнүн сунушу менен чакыртылышы керектигин айтып, төрагага: “Бүгүн жыйынды ачып, кайра гимн менен жыйынтыктап эле коёлу. Турмуш бирде колдойт, бирде колдобойт. Кийин сизге да кылмыш ишин козгоп, отургузуп жүрбөсүн...”- деди.

Спикер Асылбек Жээнбеков депутатты жакшы сүйлөөгө чакырды.

“Ниетиңизди түздөп алыңыз. "Отургузуп коёт, тиги-бу" дебей, жакшы эле сүйлөбөйсүзбү? Сизден корккон эч ким жок, сыйласаңыз аягына чейин сыйлаңыз да. Сиз көргөн күндү баары көрүшү керекпи? Кудай сактасын”,- деди төрага. 

Спикер кезексиз жыйындын чакырылышы боюнча түшүндүрмө берди. Баш мыйзамдын 77-беренесинде: “Жогорку Кеңештин сессиялары жыйналыш түрүндө өтөт жана сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тартып келерки жылдын июнь айынын акыркы жумуш күнүнө чейин жүргүзүлөт” деп жазылып турганын белгилеген төрага: “Бүгүн 30-июнь –  июнь айынын акыркы иш күнү. Өткөн бейшембиде өзүңүздөр добуш берип, колдогонсуздар”,- деди. Парламент жетекчиси ыйык Орозо айында кезексиз жыйынды жакшы ниет менен өткөрүп алууга чакырды.

Депутат Мыктыбек Абдылдаев төраганын кезексиз жыйын чакырууга укугу бар экенин айтты. “Урматтуу, кесиптештер, каникулга кетердин алдында акыйкаттык үчүн төрагага болушуп коёюн. Анткени регламенттин 20-беренесинин 8-пунктунда “төрага кезексиз сессияны чакырганга укугу бар” деп так жазылып турат",- дейт Абдылдаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан