Кезектеги рейддин жыйынтыгында Бишкек шаарында жүргүнчү ташыган 72 кичи автобус каттамдан четтетилди. Мэрия 30-июнда билдиргендей, коомдук унаалар техникалык талаптарга жооп бербегени үчүн иштен алынды. Мисалы: унаа ичиндеги отургучтардын жетиштүү болбогону, алдынкы, каптал айгектеринин сыныктары жана башкалар. Жыйынтыгында 15 кичи автобустун кемчиликтери оңдолуп, каттамга чыкканы айтылды.