Өкмөт электр энергиясынын баасын көтөрүү демилгесин Жогорку Кеңештен артка чакыртып алды. Парламенттин 30-июндагы кезексиз жыйынында депутат Кожобек Рыспаев бул тууралуу өкмөттөн атайын билдирүү келгенин айтты. Сунушка ылайык, өкмөт электр энергияны үч фазадан алгандарга бааны 70 тыйындан 1 сом 20 тыйынга көтөрүүнү, ошондой эле жылуулук энергиясын бөлүштүрүүнү өзгөртүүнү сунуш кылып жаткан болчу.