20-июндан 27-июнга чейин Бишкек мэриясынын “185” ыкчам чара көрүү кызматына 248 кайрылуу түштү. Муну бүгүн, 30-июнда мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Кайрылуулардын көпчүлүгү электр энергиясы, шаардын санитардык тазалыгы, көрктөндүрүү жана көчөлөрдү жарыктандыруу маселелери боюнча болгону айтылды.