2014-жылдын январь-май айларына карата жергиликтүү бюджеттердин кирешелери 6 миллиард сомду түздү. 5 ай ичинде республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге 659,5 миллион сом бөлүндү. Анын 562,2 миллион сому теңдөөчү гранттарга, 97,3 миллион сому республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге өткөрүлүп берилүүчү каражаттарга бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жергиликтүү бюджеттердин өздүк кирешелери 2009-жылдан тарта 7 миллиард сомдон 13,8 миллиард сомго өстү.
Жергиликтүү бюджеттер айылдардын жана шаарлардын бюджеттери болуп эсептелет жана аларды түзүү, бекитүү, аткаруу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылат. Жергиликтүү бюджеттин кирешелерин салыктык, салыктык эмес түшүүлөр жана башка булактар түзөт.
2014-жылы жергиликтүү бюджеттердин жалпы суммасы 15,7 миллиард сомду түзөт. Анын 11,7 миллиард сомун салыктык кирешелер, 1,8 миллиард сомун салыктык эмес кирешелер, 102 миллион сомун активдер, милдеттенмелер түзөт. Ошондой эле жергиликтүү бюджеттер республикалык бюджеттен трансферттерди (теңдөөчү грант) жана тиешелүү каражаттарды алышат. 2014-жылга республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге 2 миллиард сомдун тегерегинде каражат бөлүнөт.