Жогорку Кеңештин делегациясы 28-июнда Азербайжандын Баку шаарында Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун Парламенттик ассамблеясынын XXIII пленардык салтанаттуу жыйынына катышты. Муну ЖКнын маалымат кызматы 30-июнда билдирди. Кыргыз депутаттары 29-июнда ЖККУнун Парламенттер аралык комитеттеринин жыйындарына да катышышты. Маалыматка таянсак, комитеттердин иши 2-июлга чейин уланат жана ЖККУнун парламенттер аралык пленардык жыйыны менен жыйынтыкталат.