Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Юристтер күнү менен куттуктоого уруксат этиңиздер. Бүгүнкү күндүн чындыгы көрсөткөндөй, ар бир адам юридикалык жактан сабаттуу болушу абзел. Сиздердин кесиптин багыты коомдун жана мамлекеттин бардык тармагын камтыйт. Ошол эле учурда сиздерди бир нерсе – мыйзамга кызмат кылуу бириктирет.
Юрист болуу ардактуу жана бул күн ар бириңиздер үчүн юридикалык кесип ээси болгондугуңуздар жана анын салттары, баалуулуктары менен сыймыктанууга себепкер болот.
Ошол эле учурда сиздердин кесип чоң жоопкерчилик менен байланыштуу. Сиздердин ишиңиздерден мыйзамдуулуктун сакталышы, демек, коомдун укуктук негизи, анын өнүгүүсү көз каранды. Саясий, коомдук жана экономикалык чындыктын ыкчам өзгөрүү, ошондой эле мыйзам чыгаруу демилгелер саны жогорулаган шартта сапаттуу мыйзамдарды түзүү, биздин жарандардын укуктук аң-сезимин жана маданиятын көтөрүүдө сиздердин көмөгүңүздөр зарыл, бул өз кезегинде мыйзам үстөмдүгүн чыңдоого жана демократиялык укуктук мамлекетти курууга жардам берет.
Учурда өлкө жетекчилигинин алдында социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу жана ар бир жарандын жашоо деңгээлин, бакубаттуулугун арттыруу боюнча олуттуу милдеттер турат. Албетте, бул милдеттерди чечүүдө сиздердин ордуңуздар чечүүчү орунда болуусу тийиш. Менин ишенимимде сиздер ал үчүн бардык күчүңүздөрдү жумшап, ал эми сиздердин жогорку адискөйлүк, принципиалдуу жарандык көз карашыңыздар жана таза репутацияңыздар акыйкаттуулукту жана укук үстөмдүгүн камсыздоодо негиз болуп берет.
Жыйынтыгында мыйзамга кызмат кылуу сыяктуу маанилүү иште сиздерге алга умтулууну, кызматка берилгендикти, жаңы ийгиликтерди багынтууну, жарандардын укугун жана эркиндигин, мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарды камсыздоодогу милдеттерди чечүүдөгү жетишкендиктерди, ошондой эле сиздердин ак ниет максаттарды ишке ашырууда ийгиликтерди каалоого уруксат этиңиздер.
Дагы бир ирет майрамыңыздар менен! Сиздердин татаал кесипте ийгиликтерди, үй-бүлөңүздөргө ден соолук жана бакубаттуулукту каалайм!"