Вице-премьер-министр Эльвира Сариева 27-июнда "CRDF Global" программасынын директорунун орун басары Чарльз Данлэп менен жолугушту. Жолугушууда аталган программа тарабынан түзүлгөн Виртуалдуу илимий китепкананын иши талкууланды. Данлэптин билдиришинче, ВИК программасынын алкагында кыргыз окумуштууларына 2012-жылдан берки 13 миллион толук тексттүү рецензияланган макалалар жеткиликтүү болот.
“Учурда Кыргызстанда 200гө жакын илим жана билим берүү мекемелерине ВИК жеткиликтүү. Мындан тышкары ВИК программасы кыргыз илимий коомчулугунун өз иликтөөлөрүн жарыялоо ишин күчтөндүрүүгө багытталган. Эксперттер тарабынан өлкөнүн аймактарында 900дөн ашуун окумуштууга 20дан ашык семинар өткөрүлгөн",- деди Данлэп.
Эльвира Сариева "CRDF Global" кызматкерлерине аткарган иштери үчүн ыраазычылык билдирди.
“Сиздер билимге умтулган илимпоздорго, аспиранттарга жана студенттерге пайда алып келүүчү чоң ишти аткардыңар. Белгилей кетчү нерсе, КРнын Илимдер академиясы учурда Ачык электрондук китепкана жана Виртуалдык диссертациялар залын түзүү боюнча ишти аткарууда",- деди вице-премьер-министр.