Бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициясы бир жылдык иштин жыйынтыгын карап, өлкөдөгү орчундуу маселелерди талкуулады. Ага үч фракциянын лидерлери жана депутаттар катышты. Жыйында Сотторду тандоо кеңеши тууралуу жана башка маселелер каралды.
Айта кетсек, башкаруучу коалиция быйыл жазында түзүлүп, анын курамына КСДП, “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” фракциялары кирген.