Жогорку Кеңеш: Электр энергиясындагы коррупциялык схемаларды иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүү сунушталууда

Жогорку Кеңештин 30-июндагы кезексиз жыйынында электр энергиясы тармагындагы коррупциялык схемаларды иликтей турган депутаттык комиссия түзүү сунушталууда. Депутат Туратбек Мадылбеков тармакта "ширшовдук схема" дагы деле иштеп жатканын айтты. Муну башка депутаттар да колдоого алышып, “коррупциялык жолдорду ачыкка чыгармайынча баа саясатын өзгөртүүдөн жыйынтык чыкпайт” дешти.

“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Райкан Төлөгөнов: “Биздин фракциянын чечими бар, бааны көтөрүүнү унуталы. Мыйзам долбоорунан бул норманы алып салуу чечимин кабыл алганбыз. Бааны көтөрүүнү карабайбыз, бирок мыйзам долбоорун кабыл ала берсек болот”,- деп билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан