Депутат Анарбек Калматов Эл аралык академиянын мүчөлүгүнө шайланды

Жогорку Кеңештин депутаты Анарбек Калматов Эл аралык илим, билим берүү, индустрия жана өнөр академиясынын (АКШ) мүчөлүгүнө шайланды. Депутаттын академиянын мүчөлүгүнө шайлангандыгы тууралуу диплому академиянын мөөрү жана анын президентинин кол тамгасы менен 2014-жылдын 19-февралында Калифорния штатында бекитилген. Калматовго бул диплом бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында тапшырылганын ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Академия дүйнөлүк деңгээлдеги илимий-маданий жана консультациялык-эксперттик, маалыматтык ири уюм болуп саналат, ЮНЕСКО, "Нобель" комитети, "Сорос" фонду сындуу уюмдар жана башка эл аралык түзүмдөр менен бир катарда турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан