Парламент акыйкатчы маселесин күздө кароо чечимин кабыл алды

Жогорку Кеңештин 30-июндагы кезексиз жыйынында акыйкатчы Бактыбек Аманбаевдин “2013-жылы адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө” ар жылдык баяндамасынын жыйынтыгы боюнча фракциялардын сунуштары каралды.

КСДП, “Ата Мекен” фракцияларынын Аманбаевди кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу чечими добушка коюлуп, көпчүлүктүн добушуна ээ болгон жок. Ал эми “Ар-намыс” фракциясы акыйкатчыны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотууга негиз бар экенине корутунду берүү үчүн атайын комиссия түзүү сунушу да добуш берүүдөн өтпөй калды.

“Республика” фракциясы акыйкатчынын ишин текшерүү боюнча азыр атайын комиссия түзүп, анын жыйынтыгын күздө кароону добушка коюп, парламент акыйкатчы маселесин күздө кароо чечимин кабыл алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан