Жогорку Кеңеш Судьяларды тандоо кеңешинин жаңы курамын бекитүүнү күзүндө карайт

Жогорку Кеңеш бүгүн, 30-июнда Судьяларды тандоо кеңешинин жаңы курамын бекитүү жөнүндө маселени күзгө калтыруу чечимин кабыл алды. Парламенттеги Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитети ушундай сунуш берди.

Айта кетсек, Судьяларды тандоо кеңешинин курамында 24 мүчө бар. Жалпы курамдын үчтөн бири парламенттик көпчүлүк коалициясы, үчтөн бири парламенттик оппозиция, үчтөн бири Судьялар кеңеши тарабынан көрсөтүлөт. Алар 3 жылдык мөөнөткө шайланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан