Бишкек шаарында 13 автоунаа Жол-кайгуул кызматынын айып аянтчасына токтотулду. Муну мэриянын маалымат кызматы 30-июнда билдирди. Свердлов РИИБи, Райондук салык башкармалыгы, Жол-кайгуул кызматы биргеликте рейд жүргүзүп, Жибек Жолу көчөсүнүн боюндагы уруксатсыз соода кылуу (автоунаа сатуу) фактыларына чара көрүү чечимин кабыл алышыптыр. Салык кызматынын базасына киргизүү үчүн үйлөрдүн короосунда сатылып жаткан унаалардын кыймылдаткычынын жана чанагынын (кузов) номурлары жазылып алынды. Эми автоунаа ээлери ар бир сатылган унаасы үчүн салык төгүшмөкчү.