Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековдун иши боюнча алгачкы сот отуруму 10-июлда болот. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан 30-июнда кабарлашты.
Маалым болгондой, Келдибековго карата козголгон кылмыш ишинин материалдары Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлгөн. Сот отуруму 10-июлда саат 10:00дө болору белгиленди.
Ахматбек Келдибеков “коррупция”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча айыпталууда.