Асылбек Жээнбеков: "Жогорку Кеңеш жыл ичинде 873 токтом, 73 протоколдук тапшырма кабыл алды"

Жогорку Кеңештин 30-июндагы жыйынында кыргыз парламентинин кезектеги сессиясынын ишин жыйынтыктап жатып спикер Асылбек Жээнбеков жасалган иштер тууралуу маалымат берип, ийгиликтүү иштешкени үчүн эл өкүлдөрү менен аппарат кызматкерлерине ыраазычылык билдирди. Төраганын сөзү толук бойдон төмөндө: 

"Урматтуу депутаттар!

Кезектеги сессиябызды жабык деп жарыялап, гимн ойнотулардын алдында Жогорку Кеңештин, баарыбыздын 2013-жылдын 3-сентябрынан ушул жылдын 30-июнуна чейин чогуу аткарган иш-аракеттерибиз жөнүндө кыскача маалымат бере кетейин.

Сессия мезгилинин ичинде 76 пленардык жыйын өткөрдүк, 265 мыйзам долбоорун талкууладык. Жогорку Кеңеш тарабынан 176 мыйзам долбоору кабыл алынды, алардын ичинен 137исине Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кол коюлуп, күчүнө кирди. Мамлекетибиздин жашоосундагы бардык актуалдуу маселелерди камтыган 873 токтом, 73 протоколдук тапшырма кабыл алынды.

Алардын ичинде аскер доктринасы, чек араны бекемдөө, мамлекеттик тилди өнүктүрүү, стратегиялык жолдорду куруу, энергетика тармагын модернизациялоо сыяктуу маанилүү маселелерге арналган мыйзамдар жана токтомдор бар.

Өткөн жылы кыргыз парламентинин 75 жылдык мааракесин белгиледик. Эл аралык ишмердигибиз жемиштүү болду. Жогорку Кеңеш ЕКПАнын “демократия боюнча өнөктөш” деген статусун алды, КМШ жана ЕврАзЭШ аймагында жигердүү аракеттер жасалды. Сессияда каралган “Кумтөр”, “Кыргызгаз”, Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы сыяктуу маселелер калкыбыздын арасында чоң резонансты жаратты. Шайлоочулардын алдында парламенттин ачыктыгын камсыз кылуу үчүн курч маселелердин бардыгы жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу кеңири, ачык-айкын чагылдырылды.

Мен учкай айтып кеткен мисалдардан эле жыл ичинде жемиштүү иштегенибиз көрүнүп турат. Жогорку Кеңештин сессиянын алкагындагы ишмердиги жөнүндө отчёт негизинен даярдалып бүттү. Ал бүгүнкү маалыматтар менен толукталып, сайт аркылуу ар бириңиздерге тааныштырылат.

Сиздерге төрага катары дагы чоң ыраазычылык билдирип кетүүгө уруксат этиңиздер. Сиздер менен кызматташуу мен үчүн чоң сыймык. Бардыгыңыздардын атыңыздардан, урматтуу депутаттар, аппараттын кызматкерлерине, аппараттын жетекчилерине, иш башкармалыгына, ал жерде иштеп жаткан кызматкерлерге бардыгыбыздын жумушубузду камсыз кылып жатканы үчүн чоң ыраазычылык билдирип коюуга уруксат этиңиздер.

Урматтуу өкмөт өкүлдөрү, өзүңүздөр айттыңыздар, биздин карообузга сунуш кылынган маселелердин бирин да калтырбай карап бердик. Эми сентябрга чейин жакшы эс алгыла. Орозо туткандарды, жалпы мусулмандарды Рамазан айы менен куттуктайм. Кудай буюрса, Рамазан айында тилеген тилектерибиз ишке ашып, Кыргызстаныбыз өркүнү өскөн мамлекет болот, буга толук ишеним бар, анын мүмкүнчүлүгү өтө чоң. Кудай буюрса, биздин элибиз байгерчиликте, ынтымакта жашаган, чыныгы эгемендүү, көз карандысыз мамлекет болобуз.

Күн тартибине коюлган маселелерди карап бүттүк. Жакшы иштеп бердиңиздер. Рахмат. Эми Конституциябыздын 77-беренесине жана Жогорку Кеңештин регламентинин 34-беренесине таянып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезектеги сессиясын жабык деп жарыялайм.

Депутаттар июль айында шайлоочулар менен жолугушат, андан кийин бир ай эс алууга чыгат. Шайлоочулар менен жолугушууңар, эмгек өргүүңүздөр байсалдуу болсун. Сентябрда аман-эсен жолугушалы!"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан