Бүгүн, 30-июнда парламент депутаттарына, аппарат кызматкерлерине жана жарандык сектордун өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин, Парламенттер аралык ассамблеясынын, Европадагы экономикалык жамааттын, Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун Парламенттик ассамблеясынын сыйлыктарын жана Калифорниядагы (АКШ) билим берүү, илим, индустрия жана искусство боюнча эл аралык академиянын диплому тапшырылды.
Иш-чараны Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров ачып, өткөн жылы кыргыз парламентинин түзүлгөнүнүн 75 жылдыгы белгиленгенин эске салып, Жогорку Кеңештин ушу кезге чейин басып өткөн жолу оңойго турбагандыгын айтты. “Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышынан тарта кыргыз парламентинин жаңы этабы башталды десек болот. Ачык, адилет коом курууну көздөгөн башкаруунун парламенттик-президенттик формасына – парламенттик демократия жолуна алган бул багытыбыз парламенттин ыйгарым укуктарын кыйла кеңейтүү менен бирге жоопкерчилигин дагы арттырды”,- деп Зулпукаров кыргыз парламентинин ишине салым кошкондорду алган сыйлыктары менен куттуктады.
КМШ ПААнын жана анын органдарынын ишмердүүлүгүндө үзүрлүү катышкандыгы, КМШ элдеринин ортосундагы достукту чыңдоого кошкон салымдары үчүн аталган уюмдун Парламенттер аралык ассамблеясынын Ардак грамотасы менен төмөндөгү депутаттар сыйланышты:
Сайдулла НЫШАНОВ - Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы;
Курманбек ДЫЙКАНБАЕВ - Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басары;
Курманбек ОСМОНОВ - Жогорку Кеңештин депутаты.
Сыйлык алгандардын катарында мындан башка да бир катар депутаттар, аппарат кызматкерлери жана мамлекеттик ишмерлер бар.