Жогорку Кеңештин 30-июндагы кезексиз жыйынында “КРнын бажы тарифи жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды.
Мыйзам долбоору ата мекендик өндүрүүчүлөрдү жана өлкөнүн ички рыногун коргоого багытталган. Учурдун талаптарын эске алуу менен 84 өнүм түрүнө карата бажы тарифин кайрадан ыраатташтыруу сунушталууда.
Депутаттар аталган демилге 2013-жылы көтөрүлүп, иликтеп чыгуу зарылдыгынан улам создуктурулуп келгенин айтышты.