Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигиндеги өлкөлөрдүн Коргоо министрлер кеңешинин жыйыны өтөт

Кыргызстандын коргоо министри Абибилла Кудайбердиев 4-июль күнү Астанада өтө турган КМШ өлкөлөрүнүн коргоо министрлеринин жыйынына катышат. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, анда кеңештин мүчөлөрү аскер кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн аныктаган жана анын өнүгүүсүнүн маанилүү багыттарын көрсөткөн концептуалдык мүнөздөгү маселелерди талкуулашат. Ошондой эле каржылык жана адистик тартиптеги бир нече документтердин кабыл алынышы күтүлүүдө.

Кеңешме Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгунун төрагалыгы астында өтөрү айтылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан