Социалдык өнүгүү министри "Наристе жүрөгү" Эл аралык фондунун жетекчиси менен жолугушту

КРнын Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев "Наристе жүрөгү" Эл аралык фондунун жетекчиси, белгилүү кардиохирург Билл Новик менен жолугушту. Бул тууралуу 30-июнда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргызстандык кардиохирургдардын жаңы технологиялар менен операция жасоо тармагында окутуу жана тажрыйбасын жогорулатуу боюнча мүмкүнчүлүктөр түзүлө тургандыгы маалым болду. Ал үчүн өлкөбүзгө атайын жабдыктар алынып келет. 

"Наристе жүрөгү" фонду 15 жылдан бери кызмат көрсөтүп келет. Фонддогу дарыгерлер Беларусь, Кытай, Марокко, Пакистан, Никарагуа, Украина, Доминикан Республикасы сыяктуу өлкөлөрдө эмгектенишип, бир катар акцияларды уюштурушкан. Ага дүйнөнүн бүт бурчундагы дарыгерлер катышып, 3 миңден ашуун операция жасалган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан