Өмүрбек Бабанов "Республика" партиясынан 8 депутатты чыгарды

"Республика" партиясынын саясий кеңеши Өмүрбек Бабановдун төрагалыгы астында өткөн жыйынында бир катар депутаттарды партиянын курамынан чыгаруу боюнча чечим чыгарды. Маалыматты аталган партиядан бүгүн, 1-июлда билдиришти. 

Мындай чечим Жогорку Кеңештеги "Республика" фракциясынын мурдагы жетекчиси Назарали Ариповдун демилгеси менен парламенттик фракциянын чечимдеринин негизинде чыгарылганы айтылды.

"Кыргыз Республикасынын саясий партиялары жөнүндө" мыйзамдын 6-беренесине (КРнын жараны бир гана саясий партиянын мүчөсү боло алат) жана партиянын жобосуна таянуу менен төмөнкү депутаттар партиянын курамынан чыгарылды:

"Өнүгүү-Прогресс" партиясынын курамына өткөндүгү үчүн Абдулатип Режевалиев, Мирлан Бакиров, Бакыт Төрөбаев, Тынчтык Шайназаров.

"Бир бол" партиясына өткөндүгү үчүн Алтынбек Сулайманов, Абдыжапар Бекматов, Нурбек Мурашев, Исхак Пирматов.

Чечим саясий кеңештин мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алыныптыр. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан