Жоомарт Оторбаев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын вице-президенти менен инвестиция тартуу маселесин талкуулады

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 30-июнда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын вице-президенти Фил Беннетти кабыл алды. Өкмөт башчы өлкөнү социалдык, экономикалык жактан өнүктүрүүдөгү туруктуу колдоосу үчүн банк өкүлүнө ыраазычылык билдирди. 1995-жылдан бери аталган банк баасы 457 миллион евро сумманы камтыган 111 долбоорду жактырганы айтылды. 
Тараптар өлкөгө инвестиция тартуу, коррупция менен күрөшүү, ишкердикти өнүктүрүүгө жакшы шарт түзүү, энергетика жана тоо кен өндүрүшү тармагында пикир алышканын өкмөттөн билдиришти.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан