Алмазбек Атамбаев өз учурунда 7-8 жылдап батирден батирге көчүп жүргөнүн айтып, жаш үй-бүлөлөрдүн бул маселесине көңүл буруу керектигин билдирди

Бүгүн, 1-июлда Москва районунун Садовое айылында жаңы курулган 18 батирлүү 3 кабаттуу үй КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун аскерлерине салтанаттуу түрдө берилет. Иш-чарага президент Алмазбек Атамбаев жана өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов катышууда.
Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев: "Адам үй-бүлөсүз, турак жайсыз бактылуу боло албайт. Ошондуктан биз аскерлерге батир берип, аларды турак үй менен камсыз кылуу демилгесин колдоп жатабыз. Мен да өз учурунда 7-8 жыл бир батирден экинчи батирге көчүп жашап жүргөм. Жаш үй-бүлөнүн биримдиги үчүн турак үй да маанилүү. Өкмөт бул маселеге өзгөчө көңүл бурушу керек. Башка өлкөлөрдө жаш бүлөлөр үчүн 20-30 жылга чейин аз пайыздык төлөм менен ипотека берилет. Биз да бул багытта иш алып барсак жакшы болмок",- деп билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан