"Натыйжалуу салык системи – мамлекеттин өнүгүшүнүн өбөлгөсү" деди Алмазбек Атамбаев

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 1-июлда Кыргызстандагы салык кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Куттуктоодо булар айтылат:

“Урматтуу салык кызматкерлери!

Натыйжалуу салык системи – ар бир мамлекеттин өнүгүшүнүн өбөлгөсү. Каржылык көз карандысыздыкка жетишүү, өлкөнүн туруктуулугун камсыздоо көбүнесе Салык кызматынын ишине байланыштуу болору шексиз. Сиздердин милдет – мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо жана кыргызстандыктардын турмуш деңгээлин жогорулатууга көмөктөшүү. Салык системин чыңдоо, төлөм топтоо ыкмаларын жакшыртуу, коррупцияны жоюу жана катарыңыздарды таза кармоо зарыл. 

Кесипкөйлүк жана чынчылдык ишиңиздердин негизги талабына айланат деп ишенем. Бардыгыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай жана ишиңиздерге ийгилик каалайм".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан